Путин Байденди түз эфирде ачык сүйлөшүүгө чакырды
Россиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Джо Байденди түз эфирде ачык сүйлөшүүгө чакырды. Бул тууралуу Путиндин “Россия 24” каналына берген маегине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
"Акыркы жолу телефон аркылуу сүйлөшүүнүн демилгеси президент Байден тарабынан көтөрүлгөн. Мен президент Байденди биздин талкууну улантууга чакыргым келет, бирок, аны түз эфирде, онлайн режиминде сүйлөшүүгө чакырам. Менин оюмча, бул Россия эли үчүн жана Америка Кошмо Штаттарынын эли жана башка көптөгөн өлкөлөр үчүн кызыктуу болот болушу керек”, - деди Путин.
Байден өз кезегинде “Путин менен сүйлөшүүгө макулсузбу” деген суроого жооп берүүдөн баш тартты. Ак үйдөгү брифингде Байденден орусиялык кесиптеши менен онлайн режиминде жолугушуу өткөрүүгө даярсызбы деп сурашты. Америкалык президент жооп бербестен трибунадан кетип калган.
АКШ президентинин пресс-катчысы Джен Псаки "Байден буга чейин президент Путин менен сүйлөшкөн, азыр сүйлөшө элек башка дүйнөлүк лидерлер бар" деп жооп берди.
Эске сала кетсек, АКШ президенти Джо Байден журналисттердин "Орусия президенти Владимир Путин киши өлтүргүчпү?” деген суроосуна “ооба” деп жооп кайтарган. Ал орус бийлиги АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракети үчүн жакын арада жооп бере турганын айткан эле.
Ссылка: https://barometr.kg/putin-bajdendi-tz-efirde-achyk-sjlshg-chakyrdy
Добавить комментарий ×