Путин Астанага кыргыз-тажик чек ара маселеси тууралуу үч тараптуу жолугушууга келди
Орусиянын президенти Владимир Путин Астанага учуп келди. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Маалвм болгондой, бүгүн, 13-октябрда Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммити өтөт.
Самитке Азербайжан, Ирак, Иран, Казакстан, Катар, Кыргызстан, Палестина, Россия, Тажикстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары, Вьетнамдын вице-президенти жана Кытайдын вице-президенти катышат.
Саммитке Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге байкоочу өлкө болгон Беларустун президенти да катышат.
Саммиттин жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана уюмдун негизги артыкчылыктарын талкуулоо пландалууда.
Белгилей кетсек, бүгүн, 13-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландала турганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирген.
Добавить комментарий ×