Путин Алина Кабаеваны төрөткөн дарыгерди орден менен сыйлады

29 май 2019 15:38 9168 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын президенти Владимир Путин  Лейла Вагоевна Адамянды II степендеги «Мекен алдындагы кызматы үчүн» ордени менен сыйлады. Бул тууралуу  Ura.ru маалымат булагы кабарлады.

Лейла Вагоевна Адамян «Академик В.И.Кулаков атындагы акушердик, гинекология жана перинатология улуттук медициналык илим изилдөө борборунун» директорунун орун басары, ошондой эле Россиянын башкы акушер-гинекологу.

Ura.ru маалымат булагы Адамияндын буга чейин ММКларда кабарлангандай май айынын башында белгилүү спортсменка жана олимпиада чемпиону Алина Кабаева эгиз баласын жарыкка алып келген медbwbycrjv борборунда иштерин жазды.  Белгилүү болгондой, дарыгерди сыйлоо тууралуу жарлыкка президент 2018-жылдын аягында эле кол койгон, бирок, бул маалымат мамлекет башчынын сайтында эми гана жарыяланган.

"Адамян Лейла Вагоевна – Москва шаарындагы «Академик В.И.Кулаков атындагы акушердик, гинекология жана перинатология улуттук медициналык илим изилдөө борборунун » федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин илимий иштер боюнча директорунун орун басары ", - деп белгиленет сыйлоо тууралуу документте.

Адамян буга чейин дагы IV жана III степендеги "Мекен алдындагы кызматы үчүн" ордени , илимди жана маданиятты агартууга, жайылтууга кошкон салымы үчүн Лев Николаев атындагы алтын медал менен сыйланган. Ачык маалымат булактарында жазылган маалыматтарга таянсак, Адамян күйөөсү каза болгондон кийин анын бизнесин ээлеп калган – учурда россиялык "Баскин Роббинс" заводуна ээлик кылат.

TopNews маалымат булагы жазгандай, буга чейин ММКларда белгилүү гимнаст Алина Кабаева жашыруун түрдө эгиз төрөгөнү тууралуу маалыматтар тараган.

Ссылка: https://barometr.kg/putin-alina-kabaevany-trtkn-darygerdi-orden-menen-syjlady



Добавить комментарий