Путин: Айрым саясатчылардын өтүнүчү жана көрсөтмөсү менен Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпейбиз

23 октябрь 2020 11:50 2061 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россия Кыргызстандагы окуяларга аянычтуу жана тынчсыздануу менен карай тургандыгын билдирди.  Бирок, кеңештер, көрсөтмөлөр менен Кыргызстандын ички саясатка кийлигишпейт жана өлкөдөгү айрым саясий күчтөрдү да колдобойт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путиндин “Валдай” дискуссиялык клубунда сүйлөгөн сөзүнө шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Албетте, биз Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен кабатыр болуп жатабыз. Бирок, биз алардын ички саясатына кийлигишпейбиз. Мен баса белгилей кетчү нерсе,  айрым саясий күчтөрдүн кеңештери, көрсөтмөлөрү менен биз ички иштерге кйилигишкенге акыбыз жок.  Кыргызстанда бардыгы нормалдашып, баары калыбына келет, Кыргызстан өнүгөт жана биз аны менен мыкты мамилелерди сактап калабыз", - деди Путин

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды "кыргыз элинин башына түшкөн мүшкүл" деп атады.

"Кыргызстанда болуп жаткан окуялар, кыргыз элинин башына түшкөн чоң мүшкүл. Шайлоонун арты менен элдик толкундоо келип чыкты. Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну дайыма айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү суверендүүлүктүн калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн, алардын ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл ич ара мамилени өзү калыпка салышы зарыл. Орусия Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан абалга кайдыгер карай албайт жана кыргыз эли өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болуш үчүн кийлигишүүнү көздөбөйт”, -деп кошумчалады орус лидери.

Ал СССРдин курамына кирген өлкөлөрдү тарых жана ынтымак бириктирип турарын баса белгилеп өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/putin-ajrym-sayasatchylardyn-tnch-zhana-krstms-menen-kyrgyzstandyn-ichki-sayasatyna-kijligishpejbiz



Добавить комментарий