Кой-Таш окуясы боюнча кимдерге айып тагылганы жарыяланды. Тизме
Прокуратура органдары 2019-жылы 7-8-августта Кой-Ташта болгон массалык баш аламандык боюнча кимдерге айып тагылганы боюнча актыны бергенин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.
Ага ылайык, баш прокурор Өткүрбек Жамшитов 491 барактан турган айыптоо корутундусун жактырган.
“Бул Кой-Таштагы окуя боюнча бийликтин акыркы расмий версиясы. Айыпталып жаткандар айыптоо актын бир тараптуу гана болуп калгандыктан жана далилдөөчү базасы жок болгондуктан “Шахеризаданын жомоктору” деп атады”, — деп жазды ал.
Жолдубаева бардык айыптоо оозеки берилген гана маалыматтарга негизделгенине токтолду.
Айыпталуучулар:
1. Алмазбек Атамбаев
2. Фарид Ниязов
3. Равшан Жээнбеков
4. Ирина Карамушкина
5. Асель Кодуранова
6. Кундуз Жолдубаева
7. Канат Сагымбаев
8. Мээрбек Мискенбаев
9. Фархат Баабиев
10. Канат Осмоналиев
11. Рыспек Карыпбек уулу
12. Марат Шаменов
13. Нооруз Капарбек уулу
14. Асангельды Какебаев
Ал эми тергөө менен кызматташкандардын иши өзүнчө өндүрүшкө алынган.
Белгилей кетсек, 2019-жылы 7-августта Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын кызмат операция уюштурган, бирок андан майнап чыккан эмес. Тилекке каршы бул күнү атайын кызматтын бир өкүлү Үсөн Ниязбеков каза болгон. Андан сырткары Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Самат Курманкулов башынан жаракат алган. Учурда ал Москвада дарыланууда.
Ал эми 8-августта ИИМ жүргүзгөн операцияда Атамбаев багынып берген.
7-8-августта болгон окуялар боюнча бир нече кишилер менен депутаттар суракка чакырылып, алды үй камагына чыгарылса, айрымдары камакка алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/prokuratura-koj-tash-okuyasy-boyuncha-kimderge-ajyp-tagylganyn-zharyyalady-tizme
Добавить комментарий ×