Президенттин жардамчысы 200 миң долларлык пара менен кармалды

31 май 2018 17:35 6822 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белорусиянын өлкө башчысы Александр Лукашенконун жардамчысы, Гродный облусу боюнча инспектор Сергей Ровнейко пара алып жаткан жерден колго түштү.

Укук коргоо органдары анын карамагына кирген маселелерди чечүүдө кайрылган адамдардан дайыма пара талап кылаарын тастыктоо максатында иликтөө жүргүзүшкөн. Лукашенконун буйрутмасы менен ыкчам иликтөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүп жатып, кезектеги 200 миң сомдук пара алып жаткан жерден аны колго түшүрүштү.

Эми өлкө башычынын жардамчысына 15 жылга эркинен ажырашы күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-zhardamchysy-200-mi-dollarlyk-para-menen-karmaldy



Добавить комментарий