Президенттин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алтынбек Эргешов дайындалды

4 июль 2022 14:43 1891 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алтынбек Эргешов дайындалды. Бул тууралуу презизиденттин администрациясынын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Эргешов Алтынбек Калдарович Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды", -деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. 

Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-naryndagy-yjgarym-ukuktuu-kl-bolup-altynbek-ergeshov-dajyndaldy



Добавить комментарий