Президенттин кызы Гульнара Каримова кайсы түрмөдө экендиги маалым болду
Бөлүшүү:
Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гульнара Каримова учурда кайсы түрмөдө экендигин анын жактоочусу билдирди. Бул тууралуу жактоочу Грегуар Манжа өзүнүн твиттерине жазып чыкты.
Манжо түрмөгө баргандыгы тууралуу билдирүү жасап:
“Зангиотадагы №21-аялдар түрмөсүнө кардарым менен жолугушуу үчүн келдим”, -деп Каримова деген хештегти калтырган.
Ал кийин 2-күнү да барып жатканын айткан.
Эске салсак, Гульнара Каримова 6-мартта Ташкентте кармалгандыгы тууралуу маалымат чыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-kyzy-gulnara-karimova-kajsy-trmd-ekendigi-maalym-boldu
Добавить комментарий ×