Президенттин кеңешчиси тууну өзгөртүүгө каршы болуп, андан башка көйгөйлөр толтура экенин айтты

27 октябрь 2023 13:10 525 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимов туунун өзгөртүлүшүнө каршы экенин билдирди. Бул тууралуу аныг соцтармактагы баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ал мындай пикирин Садыр Жапаровго жеткире турганын, анткени бул маанилүү нерсе экенин айтты.

“Эртең таңда башка желекти көрүп ойгонушту каалабайм. Мага чоочун болгон желекти ыйык деп эсептегим келбейт. Ошондой эле демилгечилерге тууну өзгөртүүдө өтө этият болууну эскертем. Учурда, мындан маанилүү көйгөйлөр толтура, ошолорду тез арада чечиш керек. Биз глобалдык өзгөрүүлөрдүн босогосунда турабыз, бул сыяктуу ката кетирүүгө укугубуз жок”, — деп жазды Ибрагимов.

Анын айтымында, элдин башына кыйынчылык түшкөндө ушул туунун астына биригип келишкенин эске салды.

Буга чейин, президен Садыр Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев да туунун өзгөртүлүшүн колдой турганын билдиришкен. 

Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-keeshchisi-tuunu-zgrtg-karshy-bolup-andan-bashka-kjgjlr-toltura-ekenin-ajtty



Добавить комментарий