Президенттин баласы коронавирус жуктуруп алды
Бөлүшүү:
Сербиянын президенти Александр Вучичтин уулу Данилодон коронавирустун козгогучу табылды. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзү билдирди.
Учурда ал Белграддагы ооруканага жаткырылган.
“Балам сен аны сөзсүз жеңип чыгасың. Атаң сени абдан жакшы көрөт”, — деп Вучич социалдык тармактага баракчасына жазды.
Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллиондон ашык кишиге жугуп, 90 миңге жакын кишинин өмүрүн алды.
Ссылка: https://barometr.kg/prezidenttin-balasy-koronavirus-zhukturup-aldy
Добавить комментарий ×