Президент Жээнбеков: Бабанов тергөөгө жооп берип, ак экенин көрсөтсүн

25 декабрь 2019 13:23 1972 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун саясаттан кеткени боюнча суроого жооп берип жатып, Бабановдун таржымалы чоң бизнес менен чоң саясаттын кызыкчылыгы аралашып кеткендигинин накта үлгүсү деп сыпаттады.

"Мурда иш козголгон экен, тергөө жүрүп жатат. Эми Бабановго шарт түзүлдү. Барып чындыгын көрсөтүп, актансын. Ага суроону мен берсем туура эмес болот. Аны тергөө сурасын.

Жакында эле Өмүрбек Бабанов саясаттан толугу менен кеткенин айтып, байракты Мирлан Жээнчороевге өткөрүп бергенин жар салды.

Бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында журналисттер менен жылды жыйынтыктаган маалымат жыйын берүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zheenbekov-babanov-tergg-zhoop-berip-ak-ekenin-krstsn



Добавить комментарий