Санкт-Петербургда Жээнбеков кандай документтерге кол койду
Бөлүшүү:
Санкт-Петербургдагы (Россия) ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Кол коюлган документтер:
- Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясынын багыттары жөнүндө;
- Евразия экономикалык комиссиясы Коллегиясынын төрагасы жана жеке курамы жөнүндө;
- Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүүдөгү негизги ыкмалар жөнүндө;
- Евразия экономикалык комиссиясынын ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө;
- Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу боюнча Макулдашууга кол коюу жөнүндө;
- Европа экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттери тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногунун иштөөсүнө болгон тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди алып баруу жөнүндө;
- Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кээ бир секторлор боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө;
- Евразия экономикалык комиссиясынын иштөө регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
- Евразия экономикалык биримдигинин жалпы электроэнергетикалык рыногун түзүүгө багытталган иш-чаралардын планы жөнүндө;
- Евразия экономикалык биримдигинин төрагалыгы жөнүндө;
- Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө
Эске салсак, Санкт-Петербург шаарындагы Евразия саммитине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев жана Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон — көзөмөлдөөчү өлкө катары катышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zheek-kezektegt-zhyjynyna-katyshuuda
Добавить комментарий ×