Президент Жапаров Түркмөнстанга иш сапар менен учуп кетти
Бөлүшүү:
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта жумушчу сапар менен Түркмөнстандын Түркменбаши шаарына Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик кеңешине катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” билдирет.
Жолугушууда аймактагы соода-экономикалык, энергетикалык, транспорт-коммуникациялык тармактардагы маселелер талкууланат.
Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров аймактагы өлкө башчылары менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-zhaparov-trkmnstanga-ish-sapar-menen-uchup-ketti
Добавить комментарий ×