Жээнбеков УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди кызматтан бошотуу тууралуу Жарлыкка кол койду

9 октябрь 2020 13:50 591 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагасы кызматынан бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Опумбаев Орозбек Найманович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-ukmknyn-tragasy-orozbek-opumbaevdi-kyzmattan-boshotuu-tuuraluu-zharlykka-kol-kojdu



Добавить комментарий