Жээнбеков Вандагы жер көчкүдөн улам Эрдоганга көңүл айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана түрк элине Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
«Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.
Президент Сооронбай Жээнбеков бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез айыгып кетүүнү каалады.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-trk-prezidentine-kl-ajtty
Добавить комментарий ×