Президент суу ресурстарын башкаруу үчүн бериле турчу грантка кол койду

21 апрель 2020 17:36 1240 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Швейцариянын гранты (Улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин Басма сөз кызматы билдирди. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Аталган Макулдашуунун максаты болуп баштапкы долбоордун  алкагында каржыланган суу секторундагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу саналат, ошондой эле:

—  суу ресурстарын башкаруу боюнча кайрадан түзүлгөн түзүмдөрдү бекемдөө;

— чарбалар аралык жана ички чарбалык системалардын магистралдык каналдарын иштетүүнү жана тейлөөнү жакшыртуу боюнча иш-чараларды камсыздоо.

Макулдашуунун шарттары боюнча КР өкмөтүнө 4,490 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү грант берилет.

Белгилеп кетүүчү нерсе, улуттук суу ресурстарын башкаруу долбоору үчүн кошумча каржылоо Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-июлундагы № 131 Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаарында 2002-жылдын 23-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык жана каржылык кызматташтык жана гуманитардык жардам жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашырылат.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-suu-resurstaryn-bashkaruu-boyuncha-grantka-kol-kojdu



Добавить комментарий