Президент судья Дамирбек Онолбековдун ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотту

3 июль 2021 13:57 825 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Садыр Жапаров Чүй областтык сотунун судьясы Онолбеков Дамирбек Мадылбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду.Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда президенттин басма сөз кызматы берген маалыматка шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

“Ал жергиликтүү соттун кызматынан судьянын жүрүм-турумунун талабына ылайык келбеген иш жасаганына байланыштуу бошотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 7-июнда президент Садыр Жапаров Сот жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча кеңештин катышуучуларына Чүй областтык сотунун төрагасы тартылган видео роликти көрсөткөн болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sudya-damirbek-onolbekovdun-yjgarym-ukugun-mntnn-murda-toktottu



Добавить комментарий