Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга барат
Бөлүшүү:
Президент Сооронбай Жээнбековдун 23-24-август күндөрү Түркмөнстанга мамлекеттик сапары пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азырынча сапардын программасы, козголчу маселелер тууралуу айтыла элек. Ал эми Түркмөн маалымат каражаттарынын жазганына караганда, президент Жээнбеков Түркмөнстандын “Аваза” туристтик аймагында өтө турган Аралды сактап калуу фондун негиздеген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитине катышат.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-sooronbaj-zheenbekov-trkmnstanga-barat
Добавить комментарий ×