Президент Нурбек Мурашевдин отставкасын кабыл алды
Бөлүшүү:
Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Айыл чарба, өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев ээлеген кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-майда, кол койду.
Белгилүү болгондой, бул министр министрлик кызматты аркалап турганда коомчулукта «Кара картошка» деген ылакап атка ээ болду.
Ал 23-майда өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арызын жазып, аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-nurbek-murashevdin-otstavkasyn-kabyl-aldy
Добавить комментарий ×