Президент Назарбаев өз ыктыяры менен бийликтен кетти

19 март 2019 21:15 1328 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өз ыктыяры менен мамлекет башчысы катары кызматын жыйыштырды. Бул тууралуу ал бүгүн, Казакстандын телеканалында түз эфирден маалымдады.

 “Мен президент катары өз ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим”,-деп айтты ал элине  түз эфир аркылуу кайрылуусунда.

Назарбаев өзүнүн акыркы жарлыгын жазганын жана 20-марттан тартып президентиктен кетип жатканын айтты.  

Назарбаев  1990-жылы 24-апрелде Казакстандын президенти болуп дайындалган. 2018-жылы Казакстандын Конституциялык соту ага өмүр бою коопсуздук кеңешин жетектөө  укугун  берген. 

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-nazarbaev-z-yktyyary-menen-bijlikten-ketti



Добавить комментарий