Президент чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү

13 январь 2020 17:13 3049 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жыйында Мамлекет башчысына чек арада чыр-чатактардын алдын алуу, анын ичинде Баткен облусунун кыргыз-тажик бөлүгүндөгү чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди.

Президент коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөтүү, чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуз жашоо-тиричилигин камсыз кылуу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Кечээ жакында эле Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн чек арасындагы туруктуу абалды биргелешип сактоого умтулуу аракеттери белгиленгенин эскертти.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки жакта тең чагымчыл аракеттерди болтурбоо үчүн чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер тажик тарап менен тыгыз байланышта жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик тарап менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө өзү баштаган делегация даяр экендигин айтты. Жолугушуу 14-январда чек ара аймагында өтөт.

Кеңешмеге КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-chek-aradagy-abal-boyuncha-keeshme-tkrd



Добавить комментарий