Президент Баткенге тойго барды

26 октябрь 2019 18:28 5252 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-октябрда, Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы өзгөчө ордун белгиледи.

Орозбек Абдыкадыровдун 130 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага мурдагы Премьер-министр Апас Жумагулов, Парламенттин мурдагы Төрагасы Медеткан Шеримкулов жана башка мамлекеттик ишмерлер, парламентарийлер,  Тажикстан жана Өзбекстандан расмий адамдар, ошондой эле Орозбековдун туугандары чакырылган.

Мааракелик иш-чаралардын алкагында театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Абдыкадыр Орозбековдун эстелигине гүл коюп, Кадамжай шаарындагы музейине барды.

Музейдеги эскерүү китебине Орозбековдун элесине таазим эткен жазуусун калтырды.

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-batkende



Добавить комментарий