Президент азия оюндарына аттанган 120 спортчуну салтанаттуу узатты
Президент Сооронбай Жээнбеков азия оюндарына аттанган 120 спортчуну салтанаттуу узатты. Иш чара бүгүн, 7-августта "Ала-Арча" резиденциясында өттү. Индонезияда өтүүчү VIII Азия оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн 120дан ашык спортчусу катышат.
Бул жетишкендикке силер талыкпаган эмгегиңер, өжөрлүгүңөр менен жетиштиңер деп баалайм. Бул бизди кубанта турган окуя. Өлкө намысын коргоп, беттешке чыгуу ар бириңер үчүн өзгөчө сыймык жана чоң жоопкерчилик. Өлкө желегин желбиретип, байгелүү орундарга ээ болсоңор Кыргыз мамлекетинин жеңиши болот", - деди президент.
Белгилей кетсек, жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезиянын 2 шаарында өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/prezident-aziya-oyundaryna-attangan-120-sportchunu-saltanattuu-uzatty
Добавить комментарий ×