Президент Акылбек Жапаровду жамандагандар анын кызмат ордуна кызыгып жаткандар экенин айтты

1 февраль 2023 16:19 1166 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тууралуу өз пикирин билдирди. Бул тууралуу президенттин жардамчысы Адинай Марипова жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Президент министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакшы иштеп жатканын айтып, жамандап жаткандар болгону анын кызмат ордуна кызыгып жатканын билдирди. 

“Акылбек Жапаровго асылгандардын арасында “Ал кетсе, ордуна мен бара калсам” деген топтор басымдуулук кылат. Ошолор блогерлерге, социалдык түйүндөргө жамандатып жаздыртып жатышат. Мен алардын кимдер экенин билем. Мурда кандай иштегендерин да билем. Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт. 

Ансыз да 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырып, Гиннес китебине киргендей болдук. Азыр мамлекеттик түзүлүш, мамлекетти башкаруу системасы мурдагыдай эмес, башкача. Албетте, мамлекет башчы катары анын ар бир кадамына тыкыр көз салып карап турам.

Туура эмес кетип баратса, “Бул жерден туура эмес кетип бара жатасыңар, өкмөт, токтогула!” деп жол көрсөтүп турам”, -деп айтылат президенттин билдирүүсүндө. 

Ссылка: https://barometr.kg/prezident-akylbek-zhaparovdu-zhamandagandar-anyn-kyzmat-orduna-kyzygyp-zhatkandar-ekenin-ajtty



Добавить комментарий