Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын премьер Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

25 март 2020 16:57 1631 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Өкмөтүнүн башчысына колдоо көрсөткөнү, коронавирусту аныктоо үчүн тест-системаларды бергенине ыраазчылык билдирди.

Тараптар жарандардын саламаттыгын сактоо үчүн кыйла натыйжалуу чараларды көрүү максатында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөштө бири бирин мындан ары  да колдоого жана зарыл болгон ыкчам маалыматтар менен алмашып турууга даяр экенин билдиришти.

Кыргызстанда коронавирус 44 кишиге жукканы тастыкталды. 

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-rossiya-federaciyasynyn-kmtnn-tragasy-m-mishustin-menen-telefon-arkyluu-sjlsht



Добавить комментарий