Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстанга барды

11 октябрь 2018 15:40 939 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына (Тажикстан Республикасы) келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, кеңешменин жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары ШКУ алкагындагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилерин талкуулашат.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-muhammedkalyj-abylgaziev-tazhikstanga-bardy



Добавить комментарий