Премьер-министр иш сапары менен Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарына барат

7 декабрь 2018 13:05 968 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары мененЖалал-Абад, Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

 

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылында социалдык объектинин ачылыш аземине катышат.

 

Мындан тышкары Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарындагы бир катар социалдык, инфраструктуралык мекемелердин абалы жана өндүрүштүк ишканалардын ишмердиги менен таанышмакчы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-ish-sapary-menen-zhalal-abad-batken-zhana-osh-oblustaryna-barat



Добавить комментарий