Премьер-министр бир күндүк иш сапары менен Баткенге барат
Кыргыз республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн бир күндүк жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Өкмөт башчы Баткен жана Лейлек райондорундагы мектептердин жана бала бакчанын ачылыш салтанатына катышат.
Ошондой эле ал кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышып, Исфана шаарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун эстелигине гүл коет.
Мындан тышкары сапардын алкагында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба көргөзмөсүнө барып, Лейлек районунун 90 жылдыгын белгилөөгө катышмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/premer-ministr-bir-kndk-ish-sapary-menen-batkenge-barat
Добавить комментарий ×