Премьер Абылгазиев Казакстандын өкмөт башчысы менен чек арадан жүк ташуу боюнча сүйлөштү

16 март 2020 10:02 576 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөштү. Анда кыргыз-казак кызматташтыгы, ошондой эле коронавируска байланыштуу жагдай талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчылар Казакстанда жарыяланган өзгөчө кырдаалдар абалындагы шартта кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуунун улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Тараптар мындан ары да эки өлкө элинин кызыкчылыгы үчүн маалыматтарды ыкчам алмашууну ишке ашырууга макулдашты.

Эске салсак, Казакстанда 16-марттан бир айга өзгөчө кырдаал киргизилди. Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавируска чалдыккан тогуз киши аныкталды. Алар негизинен Нур-Султан менен Алматы шаарларында.

Ссылка: https://barometr.kg/premer-abylgaziev-kazakstandyn-kmt-bashchysy-menen-chek-aradan-zhk-tashuu-boyuncha-sjlsht



Добавить комментарий