Porter менен дарыяга түшүп кетип, 14 күндөн бери изделип жаткан наристенин сөөгү табылды

28 сентябрь 2020 11:35 554 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ноокатта Ак-Буура дарыясына кулап кеткен Hyundai Porter унаасындагы төрт жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Куткаруучулар Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 4 жаштагы баланы 14-сентябрдан бери издеп, таппай жатышкан.

Эскерте кетсек, 14-сентябрь күнү Ак-Терек-Папан-Кожокелен унаа жолунун 40-чакырымында (Күндү-Дөбө айылы) жол кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, унаадагы 64 жаштагы киши менен анын небериси 2016-жылы туулган жаш бала сууга чөгүп кеткен. Издөө иштеринин натыйжасында 64 жаштагы кишинин жансыз денесин куткаруучулар 17-сентябрь күнү табып, туугандарына өткөрүп берген.

"Издөө иштеринин натыйжасында 27-сентябрь күнү саат 16:40 чамасында жаш баланын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/porter-menen-daryyaga-tshp-ketip-14-kndn-beri-izdelip-zhatkan-naristenin-sg-tabyldy



Добавить комментарий