Пермдеги ок атуудан кийин башкы тергөөчү муунуп каза тапты

24 сентябрь 2021 12:51 2070 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Пермь крайы боюнча Тергөө комитетинин тергөө башкармалыгынын башчысы Сергей Сарапульцевдин сөөгү өзүнүн үйүнөн табылды. Бул тууралуу Россиянын ЖМКларына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Башкы тергөөчүнүн денеси 23-сентябрда кечинде анын кесиптештери тарабынан табылган. Өлүмдүн себептери так айтылбай жатат.

Mash телеграм-каналы башчы өзүнө кол жумшаганын жазды.

Аталган маалыматка таянсак, суциддин эки версиясы айтылууда. Биринчиси Пермь унивеситетинде 18 жаштагы студент 6 кишини атып өлтүргөндөн кийин болгон жыйындан соң Сарапульцев өзүн өлтүргөн. Экинчи версия боюнча ал үй-бүлөлүк чатактан кийин асынып каза тапкан.

Сарапульцев аталган кызматка 2018-жылдын июль айынан тартып иштей баштаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/permdegi-ok-atuudan-kijin-bashky-tergch-muunup-kaza-tapty



Добавить комментарий