Пенсионер учурда катталган жеринде болбосо пенсиясын ала алабы?

7 апрель 2020 16:38 839 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Учурда пенсия менен социалдык төлөмдөрдү төлөө аракеттери көрүлүп жатат. Буга чейин социалдык төлөмдөр кечиктирилбестен убагында төлөнө турганы кабарланган. Ошентсе да коом арасында эгер пенсионер катталган жеринде жашабай башка жерде жашап жатса пенсиясын ала алабы деген суроо түйшөлтүүдө. 

Андыктан республикалык штаб "Эгерде пенсионер учурда катталган жеринде эмес, мисалы туугандарынын үйүндө жашап жатса, ал пенсиясын кантип ала алат?" деген суроого мындай жооп берди.

"Эгерде ал буга чейин пенсиясын почта аркылуу алып келсе, анда ал үйүндө жок болгондуктан, келерки айда эки айдын пенсиясын бир алат. Пенсиясын банк аркылуу алгандарга бул тийиштүү эмес", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/pensioner-uchurda-kattalgan-zherinde-bolboso-pensiyasyn-ala-alaby



Добавить комментарий