1-октябрдан тартып пенсия көбөйтүлөт

13 август 2021 11:48 1581 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан 2021-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияны жогорулатууну пландашууда. Бул тууралуу  токтом долбоорун Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги коомдук талкууга алып чыкканын “Барометр” маалымдайт.

Бул үчүн пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгүн 1,08 коэффициентинде индексациялоо сунушталууда.

Ага ылайык пенсиянын базалык жана камсыздандыруучу бөлүгүнүн жалпы орточо көлөмү 6 248 сом болмокчу, бул  учурда пенсия 8 пайызга же болбосо 455 сомгө көбөйтүлөт.

Улуттук статистикалык комиеттин берген маалыматына таянсак, орточо айлык акы 2020-жылы 18 миң 940 сом болду жана 2019-жылдагы орточо айлык акыга салыштарганда 110 пайызга жогорулады. Буга байланыштуу пенсиянын базалык бөлүгүн 110 пайызга индексациялоо каралууда.

Бирок пенсиянын базалык бөлүгүнө анын көлөмү 4 785,4 сом болгондо гана көбөйтүлөт.

Социалдык фонддун алдын ала эсеби боюнча 343,8 миң пенсионердин же болбосо алардын 48 пайызынын пенсиясы жашоо минимумунан же болбосо 4 785,4 сомдон төмөн турат. Мындай пенсионерлердин пенсиясынын базалык бөлүгүнө акча кошулат.

1-октябрга карата пенсия алуучулардын саны 715,5 миң адам болмокчу.

Ссылка: https://barometr.kg/1-oktyabrdan-tartyp-pensiya-kbjtlt



Добавить комментарий