ПЦР-тестти жасалма даярдаганга шектүү жарандар кармалды

27 август 2021 16:24 1726 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ПЦР-тестти жасалма даярдаганга шектүү жарандар кармалды.Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

25-август күнү интернет желелерине Кыргызстандын аймагында белгисиз адамдар тарабынан ПЦР-тесттин жыйынтыктарын жасалгалоо боюнча журналисттик иликтөө чыккан.

Бул материал милиция кызматкерлери тарабынан териштирилип, Аламүдүн РИИБү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 359-беренеси (документтердин жасалмасы) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жогорудагы материалдардын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Чүй облусунун ИИББнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы журналисттик иликтөөдөгү эркек кишилердин өздүгү такталып колго түшүрүлгөн. Алар: 1996-жылы туулган А.Б. жана Б.А. аттуулар болушкан. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Алдын ала териштирүү учурунда, шектүүлөрдүн бири көзөмөл-өткөрмө жайлардын биринде такси айдап иштеп, кардарларды таап жүргөн ал эми шектүүлөрдүн экинчиси оорубагандыгы тууралуу ПЦР-тесттин жыйынтыгын даярдап келген. Ал үчүн ар бир ПЦР-тесттин жыйынтыгы үчүн кардар таап жүргөн шектүү 1300 сомун алса калган акчаны шектүүлөрдүн экинчиси Б.А. алып жүргөнү маалым болгон. 

Учурда Чүй облусунун ИИББнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан мындай кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу максатында ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/pcr-testti-zhasalma-dayardaganga-shekt-zharandar-karmaldy



Добавить комментарий