Пашиняндын жубайы аялдар отряды менен Карабахка чек араны коргоого барат

27 октябрь 2020 11:04 4009 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жубайы Анна Акопян атайын даярдыктан өтүп,  Тоолуу Карабахты коргоо үчүн аялдардын отяды менен бара турганы маалым болду.  Бул тууралуу анын Фейсбук баракчасына жазылган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Саясатчынын аялынын айтымында, ал 13 аялдан турган курам жакынкы күндөрү аскердик даярдыктан өтүшөт, андан кийин отряд Карабахка кетет.

"Бир нече күндөн кийин биз чек араларыбызды коргоого аттанабыз. Ата Мекенибизди жана кадыр-баркыбызды коргоп,  душманга моюн сунбашыбыз керек", - деп жазган ал.

Бир нече жума мурун Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын жалгыз уулу Ашот Пашинян ыктыярчылар менен бирге Карабахта чыр-чатак болгон аймактын алдыңкы сабына кеткени кабарланган.

Ссылка: https://barometr.kg/pashinyandyn-zhubajy-ayaldar-otryady-menen-karabahka-chek-arany-korgoogo-barat



Добавить комментарий