Парламенттин депутатынын уулу катышкан жол кырсыгына күбө болгондорду издешүүдө

10 июль 2019 12:02 1540 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы 7-июлда Ысык-Көл областында болгон жол кырсыгынын күбөлөрүн издеп жатат. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

7-июлда мамлекеттик номери 1KG 451 AFM болгон Lexus ЕS330 жана мамлекеттик номери 01KG 991 AG болгон BMW Х7 унаасы кагылышкан жана анын кесепетинен төрт адам каза тапкан.

Жол кырсыгына күбө болгондор жагдайды аныктоого, аварияны ар тараптуу изилдөөгө көмөк беришет.

Окуянын күбөлөрү төмөнкү номерлерге байланышса болот:

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы: 0312630900, 630901;

Ысык-Көл областынын ички иштер башкармалыгы: 0392254505, 54550;

Ысык-Көл областынын ИИБнин тергөө кызматы: 0392251555, 0312294010, 0705755988.

Эскерте кетсек, 7-июлда саат 04:35те Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 82-чакырымында, Бактуу-Долоноту айылынан анча алыс эмес жерде болгон кырсыктан төрт адам каза тапкан. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жабыркаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу.

   

Ссылка: https://barometr.kg/parlamenttin-deputatynyn-uulu-katyshkan-zhol-kyrsygyna-kb-bolgondordu-izdeshd



Добавить комментарий