Парламентте укук коргоо органдары көп кылмыштарды өздөрү жасап жаткандыгы айтылды
Укук коргоо кызматкерлери элди коргобой эле кордоп жатат. Мындай пикирди бүгүн 31-январда өтүп жаткан парламенттик жыйында депутат Сагындык Келдибаев билдирди.
"Учурда милиция кызматкерлери катышкан эки-үч кырсык катталды. Алар зордуктоолорго дагы катышып жатышат. Кыздарды тоноп, акча алуу фактысы дагы катталды. Окуучуну өлтүрө сүзүп кетти. Мындай көрүнүштү көзөмөлгө албаса, эл милицияга ишенбей калды"-деп айтты депутат.
Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. Азыркы тапта ар кандай маселелер каралып, депутаттар жарандардын кайрылууларынын негизинде билдирүү жасашууда.
Ссылка: https://barometr.kg/parlamentte-ukuk-korgoo-organdary-kp-kylmyshtarga-zdr-zhasap-zhatkandygy-ajtyldy
Добавить комментарий ×