Парламент өкүлдөрүнө жыйындар залына бала менен келүүгө тыюу салынды

5 апрель 2019 09:39 889 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Дания парламентинин төрагалык кеңеши жыйынга бала менен келүүгө тыюу салган чечим кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Маалыматка ылайык, Дания парламентинин спикер  Пия Кьяерсгаард президенттик кеңештен кийин жалпы депутаттардын жыйындар залына бала менен келүүсүнө тыюу салынгандыгын айткан.

Чечим чыгаруу үчүн парламенттин спикери баш болгон 5 өкүлдүн ортосунда добуш берүү жүргүзүлгөн. Добуш бергендердин көпчүлүгү тыюу салуу мыйзамын колдогон.

Белгилей кетсек буга чейин Даниянын парламенттин жыйындарына бала менен келүү же келбөө тууралуу эч кандай эреже болгон эмес.

Өткөн айда парламенттеги жыйынга консерватор партиянын мүчөсү Метте Абилдгаард баласы менен келген. Спикери Кьяерсгаард ага эскертүү берген жана баласынын тышка чыгарылышын талап кылган.

Аталган фактыдан кийин жогорудагы мыйзамды кабыл алуу сунушу түшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/parlament-kldrn-zhyjyndar-zalyna-bala-menen-kelg-tyyuu-salyndy



Добавить комментарий