Парламент "Белизгейт" боюнча маселени карайт
Бөлүшүү:
Парламент "Белизгейт" боюнча маселени карайт. Мындай сунушту парламент жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов күн тартибине киргизүүнү сунуштады.
"Белизгейт" боюнча маселени күн тартибине киргизип, башкы прокурорду, УКМКнын төрагасын чакырып маалымат алалы. "Белизгейт" чырына чекит коёлу. Мындай окуя болбош керек", - деди Шыкмаматов.
Шыкмаматовдун сунушун кесиптеши Каныбек Иманалиев менен Жанар Акаев да колдоду.
Депутаттардын сунушу колдоо таап, маселе бүгүн каралмай болду. Түштөн кийин саат 14:00дө УКМКнын төрагасы жана башкы прокурор парламентке чакырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/parlament-belizgejt-boyuncha-maseleni-karajt
Добавить комментарий ×