Пара талап кылган Бишкек шаарынан салык кызматкерлери кармалды. Алар 25 миң доллар өндүрүүнү көздөгөн

9 март 2020 10:10 627 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруунун алкагында, 2020-жылдын 6-мартында КР УКМК ККК кызматкерли тарабынан ыкчам-издөө иш- чараларынын жүрүшүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Ш. жана инспектору С.Р. кармалды. 

Такталган боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жооптуу кызматтагы адамдар жеке компаниянын бухгалтеринен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечип берүү үчүн 25 000 АКШ долларын талап кылган. 2020-жылдын февраль айларында салык кызматынын инспектору С.Р. белгиленген сумманын бир бөлүгү 5000 АКШ доллар акча каражатын алган. 2020-жылдын 6-мартында Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматынын башчысынын жана инспекторунун кызматтык кабинеттерин тинтүүнүн жүрүшүндө жеке компаниянын салык боюнча текшерүүгө көрсөтүлгөн документтери табылып алынды. 

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана Кармалган адамдар КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/para-talap-kyluu-faktysy-boyuncha-bishkek-shaarynan-salyk-kyzmatkerleri-karmaldy



Добавить комментарий