Осмонкул көчөсү аркылуу жаңы автобус каттамын жүргүзүү пландалууда
Бишкекте жашоочулар акчасын аяп узак жолду жөө баса турган жерлер бар, алардын көбү пенсионерлер жана балдар. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында депутат Казыбек Эргешов билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Депутат Чыгыш авто бекетинин аймагында жашаган тургундарды мисал катары келтирди. Алар Жибек жолу көчөсүнөн “Шоро” заводуна чейин жөө басышат.
“Мурда ал жакка №36 автобус барчу, эми аны алып салышты. Мен протоколдук тапшырма бергем, бирок эмдигиче жооп ала элекмин”,-деп айтты Эргешов.
Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Максат Нусувалиев бул маселе каралып, макулдашуу жүрүп жатканын айтты.
“Жакын арада Осмонкул көчөсү аркылуу Өзбекстандан алынып келинген автобустар жүргүзүлөт”,-деп тактады башчы.
Ссылка: https://barometr.kg/osmonkul-kchs-arkyluu-zhay-avtobus-kattamyn-zhrgz-plandaluuda
Добавить комментарий ×