Оштон эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды

16 март 2023 12:03 753 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, издөөдө жүргөн жаран Ош шаарынан кармалган.

“9-мартта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча кызматкерлери Ош шаарынан эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны 1995-жылы туулган  Х.Р.Ж. кармашты. Ал Ингушетия Республикасынын Малгобек районунун аймагында кылмыш (ири өлчөмдөгү алдамчылык) жасагандыгы  үчүн эл аралык издөөгө алынган.

2023-жылдын 11-мартында Ош шаардык сотунун чечими менен Х.Р.Ж. №5 тергөө абагына бир айга камалды”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshton-el-aralyk-izdd-zhrgn-rossiyanyn-zharany-karmaldy



Добавить комментарий