Оштон Бишкекти көздөй баңгизаттын оор түрүн ташып келе жаткан жаран кармалды
“Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү автоунаа баңгизаттын оор түрүн Ош шаарынан Чүй облусуна ташып бара жатканда кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, маршруттук таксинин айдоочусуна белгисиз жактар тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун айылдарынын бирине жеткирүү үчүн шек туудурган жүк берилген.
Жүктү алуу учурунда ИИМдин БМЖКККнын жана Токтогул районунун ИИБдин Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада саат 12.30дар чамасында Чүй облусунун жолунан жүктү берүү учурунда кылмышкер кармалган. Ал жүктү алуу үчүн буга чейин соттолгон, ИИМдин каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган 1988-жылы туулган А.А. аттуу жаран барган.
Ал жүккө кароо жүргүзүү учурунда кийимдеринин арасынан баштыкка оролгон уксус ангидриди жытына ээ болгон зат табылып алынган.
Криминалистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган зат 15 граммды түзгөн “героин” баңгизаты деп табылып, шектүү кармалган.
Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча сотко чейинки тергөө иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/oshton-bishkekti-kzdj-bagizattyn-oor-trn-tashyp-kele-zhatkan-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×