Ошто жер титиреди

13 ноябрь 2018 10:30 1000 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 13-ноябрда эртең мененки саат 06:52лер чамасында Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу сейсмология институту билдирди. Анда кабарлангандай жер титирөөнүн очогу Чоң-Алайда орун алган. Ал эми анын күчү Кара-Шыбак айылында 3 баллга, Кызыл-Эшме, Кулчу, Чак айылдарында 2,5 баллга жана Ачык-Суу айылында 2 баллга сезилген.

Алдын ала берилген маалыматтарга караганда жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zher-titiredi



Добавить комментарий