Ошто жасалма АКШ долларын жасаган жаран кармалды
Ошто жасалма акча жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Фуркат айылында 34 жаштагы жаран 2000 АКШ долларын бирөөгө берип жаткан жеринен кармалган.
“Кармалган учурда 20 даана 100 АКШ долларга окшогон акча каражаты табылып алынган.
Алынган акча каражаттарына тиешелүү экспертиза дайындалып, экспертизанын кортундусуна ылайык 20 даана 100 АКШ долларындагы купюралар түстүү лазердик принтердин жардамында чыгарылгандыгы аныкталган.
Шектүү К.Г. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98, 99-беренелеринин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zhasalma-aksh-dollaryn-zhasagan-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×