Ошто өз инисин өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды (Сүрөт, видео)
Ош облусунда өз инисин өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан өз инисин өлтүргөнгө шектүү катары 1983-жылы туулган Алай районунун Ак-Босого айылынын тургуну Б. А. кармалды.
«Кылмышка шектүү жаран Б. М. аттуу 1985-жылы туулган инисинин көп ичип кеткендиги, элге-журтка уят кылып жаткандыгына байланыштуу аны жакшы жолго чакыргандыгын айтып көрсөтмө берген. Бирок, иниси каяша айтып, укпай койгондуктан бир жолу уруп жибергенин, иниси талуу жери (башынын арка тарабы менен ташка жыгылган) менен ташка жыгылып, эсин жоготуп койгондугун айткан. Өлтүрүү оюнда жок экендигин билдирген. Эсин жоготуп койгон инисин ооруканага өзү алып барган», - деп айтылат маалыматта.
Учурда анын көрсөтмөсү текшерилип жатат.
Ош облустук ооруканасы 20-июль күнү саат 21.00 чамасында оор абалдагы жаран түшкөнү тууралуу милицияга маалымат берген.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-z-inisin-ltrg-shektelgen-zharan-karmaldy-srt-video
Добавить комментарий ×