Ошто ишкерден опузалап акча алып, машинасын тартып алгандар колго түштү

27 февраль 2020 14:31 504 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош ОИИБдин КМКнын УККБнын кызматкерлери ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө опузалап акча талап кылгандарды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

2020-жылдын февраль айында Ош ОИИБге ишкерлик менен алектенген жаран кайрылып, опузалап акча талап кылуу жана мүлкүн ээлеп алуу фактылары  боюнча билдирген. Такталгандай, 2020-жылдын февраль айынын башында азиат түспөлүндөгү бир нече белгисиз адамдар Ош шаарындагы кичирайондордун биринен коркутуп,  «Opel» үлгүсүндөгү автоунааны өздөрүнө мажбурлап жаздырып, ишкердин автоунаасын ээлеп алышкан. Бир нече күндөн кийин ошол эле адамдар  3000 АКШ долларынан ашык акча каражатын тартып алышып, андан дагы ири суммадагы акча каражатын талап кылышкан.  Алар талап кылган акча каражатынын жалпы суммасы-13 000 АКШ доллары.

Аталган факты КЖБРге катталып, Ош ОИИБдин тергөөсү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүндө (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Аталган кылмыш ишине уюшкан топтун жасагандыгы боюнча белгилери бар болгондуктан облустук ИИБдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмү тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган.  

Жакында ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө Ош ОИИБдин КМКнын УККБнын кызматкерлери  талап кылып жаткан 2800 АКШ долларын алып жаткан жеринен шектүүлөрдүн бири, мурда бир нече жолу соттолгон Кара-суу районунун тургуну 1973-жылы туулган Р.З. аттуу жаран кармалды. Ал эми экинчи шектүү, Кара-Суу районунун тургуну 1992-жылы туулган И.М. аттууну жабырлануучудан тартып алган «Opel» үлгүсундөгү автоунааны айдап жүргөн жеринен кармашкан. 

Ош ОИИБдин КМКнын маалымат боюнча кармалган жарандар УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат. Учурда  сотко чейинки өндүрүш уланууда.  Аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-opuzalap-talap-kylgandardy-karmashty



Добавить комментарий