Ошто оорукананын терезесин тазалап жаткан аял кулап кетип каза болду
Бөлүшүү:
Ошто оорукананын терезесин тазалап жаткан аял кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, окуя 16-ноябрда болгон. Оштогу облусттук оорукананын экинчи кабатындагы терезени тазалап жатып, кулап кеткен аял жерге башы менен тийген. Такталган маалымат боюнча каза болгон жаран 50 жаштагы О.Т. аттуу аял экендиги аныкталды.
Учурда бул иш боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-oorukananyn-terezesin-tazalap-zhatkan-ayal-kulap-ketip-kaza-boldu
Добавить комментарий ×