Ошто 7 тонна күрүчтү мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды (Сүрөт)
Ошто 7 тонна күрүчтү мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул туралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бажы кызматкерлердин айтымында, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, «Ыкчам» бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунда кыргыз жараны А.Б.Мнын башкаруусундагы «Камаз» үлгүсүндөгү транспорт токтотулуп текшерилген.
"Унаанын жүк бөлүгү текшерилгенде Кыргызстан менен чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 7 миң килограм ак күрүч табылды, анын баасы 735 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-myjzamsyz-zheti-tonna-krch-tashyp-kele-zhatkan-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×