Ош шаарынын 10 калктуу конушу таза суу менен камсыз болот
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы 10 калктуу конушту таза суу менен камсыз кылуу долбоору ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президенти Сооронбай Жээнбеков аталган долбоордун ишке ашырылышы менен таанышты. Анда КРнын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев аталган долбоорду ишке ашыруу менен он калктуу конуш же Жапалак айыл аймагынын 20 миңден ашуун тургуну таза суу менен толук камсыз болорун маалымадады.
Курулуштун долбоору республикалык бюджеттен каржыланган. Биринчи этап боюнча курулуш иштери 2019-жылдын июнь айында башталган жана 2020-жылдын июнь айынын соңуна чейин толугу менен бүткөрүлөт.
Президент Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор өлкө аймактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатынын алкагында артыкчылыкка ээ экенин дагы бир ирет баса белгиледи.
Мамлекет башчысы бул багыттагы иштер жалпы республика боюнча активдүү жүрүп жаткандыгына ишендирди.
Эске салсак, калкты таза суу менен камсыз кылуу улуттук долбоор болуп саналат жана Сооронбай Жээнбековдун президенттик ишмердүүлүгүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири.
2018-жылы бул максаттарга республикалык бюджеттен 350 млн сом, ал эми 2019-жылы 500 млн сом бөлүнгөн. Акыркы үч жылда өлкөнүн 107 айылынын тургундары таза суу менен камсыз болду. Бюджеттик каржылоодон тышкары өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттары да активдүү тартылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kalkty-taza-suu-menen-kamsyz-kyluu-dolbooru-ishke-kirgizild
Добавить комментарий ×